Трамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылды

03.04.2026 | 14:53

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн көпүрөлөрүн жана электр станцияларын талкалайм деп коркутуп, Ирандын жаңы бийлигинен чукул аракеттерди көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

«Бүткүл дүйнөдөгү эң улуу жана эң кубаттуу болгон биздин куралдуу күчтөрүбүз Иранда калгандарды талкалоого кирише да элек. Кезекте көпүрөлөр, андан кийин электр станциялары! Жаңы жетекчилик эмне кылуу керектигин жана ал тез арада жасалышы шарт экенин билет», – деп жазат Ак үйдүн башчысы.

Буга чейин АКШнын күчтөрү Тегеран менен Кережти байланыштыра турган жана Жакынкы Чыгыштагы эң ири көпүрө боло турган B1 көпүрөсүнө сокку урган. Андан кийин Трамп өлкөнүн «жок дегенде бир нерсеси калып турганда» Иранды мүмкүн болушунча тезирээк келишим түзүүгө чакырган.

28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундар арасындагы курмандыктар тууралуу кабарланууда.

Буга жооп катары Иран Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объекттерине сокку урууда.

Scroll to Top