КРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришиштиКара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалдыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөтКыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилештиБала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейт
Трамп үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн миграцияга туруктуу тыюу салганын жарыялады
11.12.2025 | 13:09
Дональд Трамп Пенсильваниядагы тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн АКШга миграцияга туруктуу тыюу салынганын билдирди. Чектөө киргизилген мамлекеттердин катарында ал Ооганстан, Таити, Сомали жана башка бир катар мамлекеттерди “тозок тешиктери”деп мүнөздөдү. Президент ошондой эле “кырсык болуп жаткан”аймактардан келгендердин ордуна Дания, Норвегия жана Швециядан келген мигранттарды АКШга кабыл алууга артыкчылык бергенин билдирди.

Кирүүгө тыюу салуудан тышкары, Президенттин администрациясы башпаанек издегендер жана гуманитардык программаларга катышкандар үчүн иштөөгө уруксат берүү эрежелерин катаалдаштырууну жактырды. Эми мындай документтердин жарактуулук мөөнөтү 18 айды түзөт — мурунку беш жылга каршы.
Рубрики: Саясат