Трамп: Зеленский Крым менен НАТОго кошулуудан баш тартып, Орусия менен согушту дароо токтото алат

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social соцтармагындагы баракчасына Украинанын президенти Зеленский эгер кааласа, Орусия менен болгон согушту дароо токтотуп коё аларын билдирди.
“Украинанын президенти Зеленский кааласа, Орусия менен болгон согушту дароо токтото алат, же болбосо кармашууну уланта берет. Баары кандай башталганын эстегиле. Обаманын тушунда берилген Крым кайра кайтарылбайт (12 жыл мурда, бир да ок атылбастан!) — жана УКРАИНАНЫН НАТОГО КОШУЛУУСУ БОЛБОЙТ. Айрым нерселер эч качан өзгөрбөйт!”-деп жазган Трамп.
Бүгүн, 18-августта Вашингтондо Зеленский менен Трамптын жолугушуусу болот. BBCнин маалыматында, жолугушууга Зеленскийди Британиянын, Италиянын, Германиянын, Франциянын жана Финляндиянын башчылары, ошондой эле НАТОнун баш катчысы менен Еврокомиссиянын жетекчиси коштоп барат.