Транзитке коркунуч жана гибриддик согуштар: эксперттер Ирандагы кризистин Борбор Азия үчүн кесепеттерин баалашты
Кыргызстандын борборунда «Борбордук Евразия» демилгесинин алкагында эксперттик талкуу болуп өттү. Анда саясат таануучулар, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана медиаэксперттер Ирандагы 2026-жылдын январындагы окуяларды талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары Тегерандын «экономикалык хирургия» деп аталган реформасы эмне үчүн гибриддик согуштун башаты (триггери) болуп калганын терең талдап, негизги өнөктөштөгү туруксуздук түштүк деңиздерге чыгуу боюнча стратегиялык долбоорлорго эмне себептен бөгөт коерун түшүндүрүштү.
«Экономикалык хирургия» триггер катары
Ирандагы азыркы кризистин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары эксперттер анын түздөн-түз экономикалык себептерин аташты. Өткөн саясий толкундоолордон айырмаланып, 2026-жылдын январь окуялары базарларда жана соода кварталдарында башталган.
Бишкектеги «Fars News» агенттигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Хасан Чупани экономикалык жагдайды кенен түшүндүрдү. Анын айтымында, «экономикалык хирургия» деп аталган мамлекеттик субсидияларды реформалоо түрткү болгон.
Көп жылдар бою Тегеран жыл сайын азык-түлүк жана күйүүчү майды субсидиялоого болжол менен 50 миллиард доллар сарптап келген. Бирок схема коррупциялашкан болуп чыкты: ортомчулар арзан товарларды сатып алып, калкка базар баасында сатып, ашыкча пайда көрүп келишкен.
«Бийлик жеңилдиктерди монетизациялоону жана калкка түз төлөмдөргө өтүүнү чечти. Бул коррупциялык чынжырларды жок кылышы керек эле, бирок баалардын кескин өсүшүнө жана убактылуу тартыштыкка алып келди. Сокку орто класска жана соодагерлерге — мамлекеттин социалдык таянычына тийди. Дал ошолор мамлекеттик колдоодон ажырап, саясий активисттер эмес, көчөгө чыгышты», — деп түшүндүрдү Чупани.
Басып алуу технологиясы: базардан башаламандыкка чейин
Эксперттер окуялардын эки этапка так бөлүнгөнүн белгилешти. Биринчиси — тынч социалдык нааразычылык, ага бийлик диалог менен жооп кайтарган. Экинчиси — январдын башында башталган кескин радикалдашуу.
Ирандын КРдагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Махди Баззазан сценарий заматта өзгөргөнүн: күн тартибине радикалдуу топтор кийлигишкенин баса белгиледи. Инфраструктурага кол салуулар, өрттөөлөр жана полиция кызматкерлерин өлтүрүү башталган. Бул өтүү, жолугушуунун катышуучуларынын пикиринде, жарандардын адилеттүү нааразычылыгы деструктивдүү процесстер үчүн «отун» катары колдонулган «башкарылуучу хаос» технологияларынын колдонулганынан кабар берет.
Маалыматтык согушка өзгөчө көңүл бурулду. Фейк жаңылыктар жана социалдык тармактардагы манипуляциялар «Молотов коктейлдери» сыяктуу эле куралга айланды. Медиаэксперт Таалайбек Ороскулов башаламандыктарды коштогон киберчабуулдарды эске салып, мурда Ирандын өзөктүк объекттерине чабуул жасаган Stuxnet вирусун жана учурдагы энергосистемаларга чабуулдарды мисал келтирди.
Транзитке жана аймактын экономикасына коркунуч
Талкуунун өзүнчө блогу Борбор Азия үчүн тобокелдиктерге тиешелүү болду. Ирандагы туруксуздук — бул Жакынкы Чыгыштын алыскы көйгөйү эмес, Кыргызстандын жана анын коңшуларынын экономикалык кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч.
Аналитик Сергей Кожемякин жана башка катышуучулар Ирандын транзиттик хаб катары стратегиялык маанисин эске салышты. Түштүк деңиздерге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашыруу Ислам Республикасындагы туруктуулуктан түздөн-түз көз каранды.
«Ар кандай курчуу, Ормуз кысыгын жабууга чейинки аракеттер мунай баасынын көтөрүлүшүнө жана логистикалык чынжырлардын бузулушуна алып келет. Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Иран негизги өнөктөш болуп саналат. Ал жактагы хаос биздин көптөгөн экономикалык долбоорлорубузга чекит коет», — деп жыйынтыкташты эксперттер.
Тегерек столдун катышуучулары Ирандагы окуялар гибриддик согуш ыкмаларынын эволюциясын көрсөтүп жатат деген пикирге келишти. Эми туруксуздаштыруу үчүн күчтүү саясий оппозицияга ээ болуунун кажети жок — бийликтин экономикалык жаңылыштыктарын колдонуп, маалымат каналдары аркылуу социалдык нааразычылыктын энергиясын зомбулук нугуна буруу жетиштүү.
Алардын пикиринде, 2026-жылдын январындагы ирандык кейс Кыргызстан жана Борбордук Евразия өлкөлөрү үчүн олуттуу эскертүү болуп калды: гибриддик коркунучтар доорунда күч блогун гана эмес, экономикалык туруктуулукту, ошондой эле калктын медиасабаттуулугун чыңдоо мамлекеттин жашап кетишинин шартына айланууда.