Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди сатууда көзөмөл күчөтүлөт
31.01.2026 | 15:00

Кыргызстанда күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди эсепке алуу жана бейтаптарга берүү тартибине көзөмөл күчөтүлөт. Мындай чаралар «аптекалык наркоманиянын» алдын алуу жана психотроптук заттардын туура эмес максатта колдонулушуна бөгөт коюу үчүн көрүлүүдө.
Бул маселе ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен өткөн жолугушууда талкууланды. Жыйынга Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун алкагында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
- Күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди берүүдө көзөмөлдү күчөтүү;
- Дарыларды эсепке алуу, сактоо жана отчёттуулук талаптарын так сактоо;
- Дары каражаттарын медициналык эмес максатта колдонууга жол бербөө;
- Баңгизатка болгон көз карандылыктын алдын алуу багытында мекемелер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
ИИМдин өкүлдөрү дары каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү боюнча учурдагы абалды талдап, мыйзам бузган тараптар жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат