Садыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты
ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз каза болду
25.08.2025 | 09:20

Бишкектеги ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз эскалатордон кулап каза болду. Окуя кечээ, түшкү саат 12:30дар чамасында катталган.
Алдын ала маалыматка ылайык, кыз төртүнчү кабаттан жер төлөгө кулап түшкөн. Милицияга чакырык түшкөндөн кийин окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыккан.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, бул өз жанын кыюу болушу мүмкүн деген божомол каралууда.
Ал эми, ЦУМдун администрациясы көзөмөл камералары кыздын эскалатордун жанындагы тосмого чыгып, секирип кеткенин көрсөткөнүн билдирген.
Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар