Адылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууландыАктивист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып бердиЖогорку Кеңеште Бишкек мэриясынан ысык сууну өчүрүүнү жылдырууну сураныштыКазакстан жана Кыргызстан социалдык чөйрөдө санариптик чечимдерди алмашууну макулдаштыИРСК Жакынкы Чыгыштагы АКШнын IT-активдерине сокку уруу менен коркуттуАк илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тумары болуп тандалды
«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттү
01.04.2026 | 12:10

«Түндүк» ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, чечим ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Президенттин иш башкармалыгына Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жарлыкты ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү жана мамлекеттик мүлктү «Түндүк» акционердик коомуна белгиленген тартипте пайдаланууга берүү тапшырылды. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат