Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, каттам жабылды
24.07.2025 | 15:08

Бүгүн, 24-июлда саат 12:30 чамасында Балыкчы−Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 283-чакырымына (Капчыгай тилкеси) кум-шагыл аралаш таштар түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, түшкөн кум-шагылдын көлөмү болжол менен 37 миң 500 метр кубду түзөт. Учурда жеринде тактоо, ошондой эле жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жогорудагы чектөөнү эске алып, зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар