Жашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайт
“Туңгучта” мышыктарды тепкилеген аялга кылмыш иши козголду
09.09.2025 | 11:54

Бишкектин “Туңгуч” кичирайонунда мышыктарга зомбулук көрсөткөн аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аялга 15 кошунасы биргелешип арыз жазган. Факт “Жаныбарларга катаал мамиле кылуу” беренеси боюнча катталып, тергөө иштери башталды.
Мышыктардын бири кошуна үйдүн тургуну тарабынан асырап алынды. Ал эми экинчисинин тагдыры азырынча белгисиз.
Рубрики: Жаңылыктар