Түптөгү «Дружба» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Дружба» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөөдө кылмыштуу топтордун лидерлерин каржылоого байланыштуу маалыматтар алынган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында аталган «Дружба» эс алуу борборунун мүлктүк комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин балансына кайтарылган. Анда жалпы аянты 4,5 гектар жер тилкеси жана 16 көрктөндүрүлгөн коттедждер, ошондой эле спорт аянтчалары, футбол аянтчасы жана ресторан орун алган.
Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган тергөө иштерин жүргүзүүнү улантууда.