Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетти

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетти

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына билдирүү калтырган.

«Кечээ, кызматтан кетүүгө өз каалоом менен арыз жаздым. Кетүүгө убакыт келди, мындан нары да жылышыбыз керек. Мен иштеп жаткан эки жылга жетпеген убакытта башка мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен мүмкүнчүлүктүн аздыгына карабай, көп нерсени кылууга аракеттендик. Мен бар кезде башталган долбоорлор мындан ары да уланат деп ишенем», — деди Дамир уулу.

Ошондой эле бул аралыкта ага ишеним көрсөткөн маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалаган.

Максат Дамир уулу бул кызматка 2018-жылы ноябрь айында дайындалган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>