Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурматов Кыргызстанга кайтып келди

15.12.2025 | 10:31

Математика мугалими болуп иштеген Кыргызстандын жараны Азамат Нурматов Түркияда узакка кармалгандан кийин мекенине кайтып келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анын кайтып келишине КРдин Стамбулдагы Башкы консулдугу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) биргелешкен иши шарт түздү.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандыкка карата баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

  • 2025-жылдын 10-декабрында Азамат Нурматов Башкы консулдуктун кызматкерлеринин коштоосунда Түркиянын аймагынан чыгып, Кыргызстанга учуп келди.
  • Стамбул аэропортунда чек ара жана миграциялык процедуралардан өтүү учурунда түрк тараптан жаралган маселелер дипломаттардын көмөгү менен жөнгө салынды.

Ошол эле учурда ТИМ бул иш боюнча Түркиядагы соттук териштирүүлөр аягына чыга электигин жана уланып жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, окуя үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон. Кусеин Карасаев атындагы лицейдин (Ысык-Көл облусу) математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга учуп кетип, байланышка чыкпай калган.

Кийинчерээк ал Стамбул аэропортунда чек ара кызматтары тарабынан кармалганы белгилүү болгон. Анда Кыргызстандын ТИМи Түркиянын элчилигине вербалдык нота жөнөтүп, кармоонун жагдайларын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Scroll to Top