Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Улгайган аялды сабоого аракет кылган киши камалды
15.12.2025 | 10:44

Бишкекте улгайган аялды сабоого аракет кылган 36 жаштагы киши 3 суткага камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.
Соцтармактарда эркек киши улгайган аялды ур-токмокко алууга аракет кылган видео тараган. Милиция тарабынан аталган окуя боюнча текшерүү иштери башталган.
Жыйынтыгында 36 жаштагы Ч.С., аттуу жаран аныкталып, ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренесине ылайык административдик протокол түзүлгөн. Ал соттун чечими менен 3 суткага камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар