Түркиянын аскердик учагы кыйрап, 20 аскер каза болду

Түркиянын аскердик-транспорттук учагы Грузия менен Азербайжандын чек арасында кулап, 20 аскер каза болду. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигине таянып, Anadolu маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, C-130 үлгүсүндөгү учак Азербайжандан Түркияга карай учуп бараткан. Учакта 20 адам, анын ичинде экипаж мүчөлөрү бар болгон.
Учурда учак кыйраган жерде издөө-куткаруу иштери Азербайжан жана Грузия бийликтери менен координацияда жүрүп жатат.
Агенттик кырсыктын себеби авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссиянын терең иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болорун билдирди.
Бүгүн, 12-ноябрда, бул кырсыкка байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.
“Азербайжандан Түркияга бара жаткан аскердик учагы кырсыкка учураганын терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, – деп билдирди өлкө башчы.