Туулган күнүндө сабалган кыз акыйкаттык издөөдө. Милиция эмне дейт?

12.09.2025 | 10:00

Ушул жылдын, 18-августка караган түнү Ысык-Атада жаш кыз катуу сабалып, оор жаракат алганын анын адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирди.

Адвокаттын айтымында, жабырлануучу туулган күнүн достору менен Ысык-Атага барып өткөрүүнү пландашкан. Бирок майрамдын ордуна кыздар белгисиз топ тарабынан кол салууга туш болушкан.

«Биз ижарага алынган үйдүн жанында от жаккан жаштардан газ баллон сураганбыз. Алардын арасындагы кыз орой сөздөр менен жооп берди. Чыр-чатак бат эле урушка айланып, биздин бир кызды сабап жатышкан учурда мен жардам берейин десем, жигиттердин бири бетиме муштум менен бир нече жолу уруп жиберди. Натыйжада эсимди жоготтум», — деди жабыркаган кыз.

Ал алган жаракаттарынан улам мээси чайкалып, муруну жана көздүн оюгу сынып, эки тиши түшүп, көзү жабыркаган. Ал 14 күн ооруканада дарыланып чыккан, бирок алдыда дагы татаал жана кымбат операциялар күтүп турат.

Ошентсе да, кол салууга шектелген адам жоопкерчилик тартуунун ордуна ооруканага кайрылып, өзүнө «мээси чайкалды» деген диагноз коюуну суранган. Андан тышкары, ал жабырлануучуларга каршы «мени сабашты» деп доо арыз жазган.

«Бул — күнөөнү башка жакка оодарып, жазадан качуу аракети. Мен акыйкаттыкты өзүм үчүн гана эмес, зомбулукка кабылып, коргоосуз калган башка кыздар үчүн да сурайм. Мындай иштердин жабылып калышын каалабайм, ошондуктан коомчулукка кайрылууга мажбур болдум», — деди жабырлануучу.

Бул факты боюнча Reporter.kg Чүй ОИИБге кайрылганда, төмөнкүдөй маалымат берди.

Аталган факты боюнча 2025-жылдын 18-августунда Ысык-Ата райондук ИИБге 1999-жылы туулган жаран К.А. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 20:35 чамасында «Ысык-Ата» санаторийинин аймагында «Р» аттуу жарандын кол салуусунан дене жаракатын алганын билдирген.

Факты райондук ИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А.га соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ысык-Ата райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесин (Денеге оор эмес залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталып, ал 2004-жылы туулган жаран А.Р. экени аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Scroll to Top