Түптүн Тогуз-Булак айылында 135 млн сомго жаңы мектеп курулду

Түптүн Тогуз-Булак айылында 135 млн сомго жаңы мектеп курулду

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түзөт. Курулуп жаткан жаңы мектеп 3 блоктон — эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясынан турат.

Ошондой эле, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.

Учурда мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары 95 пайызга аткарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>