Түркиянын түштүгүндөгү катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 41 миң 20га жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгы (AFAD) билдирди.
AFAD билдиргендей, учурда Түркиядан жана чет өлкөлөрдөн келген издөө-куткаруу топторунун 19 миң 436 мүчөсү жеринде иштеп жатат.
Кырсык болгон жерге Түркиянын министрликтери жана тиешелүү мекемелери, чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар тарабынан жалпы 216 миң 166 чатыр тигилген.
6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз