Түштүк Кореянын президенти 2017-жылы коррупция боюнча соттолгон Samsung концернинин жетекчиси Ли Чжэ Ёнго ырайым кылды. Ал мурдагы президент Пак Кын Хеге пара берген деп айыпталган.
Өкмөт пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү үчүн өлкөнүн эң ири компаниясынын лидери кайрадан башкарууга муктаж деп эсептейт.
«Самсунгдун мураскор ханзаадасы» -деп басма сөздө аталып жүргөнү менен былтыр августта абактан бошотулган, бирок жумушуна кайтып келүү үчүн ага президенттин ырайымы керек болчу.