Түштүк Кореяда “Семетей” музыкалык спектакли коюлат
Түштүк Кореяда 26-27-октябрда күндөрү “Семетей” музыкалык спектакли коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бул спектаклды Кыргызстандын жана Кореянын чыгармачылык топтору биргеликте даярдаган.
Кыргызстандан барган чыгармачыл топ:
– Уланмырза Карыпбаев – “Манас” музыкалык спектаклинин биргелешкен режиссеру;
– Айнур Бердикулова, Эрлан Касаболотов, Саламат Жумадилов, Ассоль Рыскулова, Ислам Жумадилов – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын Ураан ансамблинин мүчөлөрү;
– Нурбек Эсенгазы – Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актеру;
– Өмүрбек Израилов – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру;
– Айнура Качкынбек кызы – кино жана театр актеру;
– Максатбек Байзаков – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актеру;
– Бегайым Асанакунова – Ж. Сейдакматова атындагы Тунгуч жаштар театрынын актеру.