Бүгүн, 11-июлда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түштүк Кореяга иштөө үчүн бара жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы меморандумга ылайык 92 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу уюштурулган.
«Биз билебиз, бир кезде Түштүк Кореянын жарандары өнүккөн өлкөлөргө барып, анан өз мекенине кайтып келип, аны жогорку өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жеткирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Түркия Германияны калыбына келтирүүгө өз жарандарын жөнөтүп, кайра кайтып келген. Бул адистер заманбап Түркияны курушкан.
Бүгүнкү күндө биздин министрлик Япония, Улуу Британия менен келишимдерди түздү, Германия менен келишим түзүлүшү күтүлүүдө, Санкт-Петербургдун атынан келген компаниялар менен жолугуштук, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр», — деди министр Кудайберген Базарбаев.
15 жылдын ичинде Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору беш миңден ашык кыргызстандыкты Корея Республикасынын ишканаларынан иш менен камсыз кылганы айтылды.
Жатакана жана тамак-аш жумуш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо айлык акы 1800 АКШ долларын түзөт.
Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. 2022-жылы 1500дөн ашык жаран корей тилин билүү боюнча сынак тапшырса, 360 адам ийгиликтүү өттү.