Үч-Коргон ГЭСинде №3-гидрогенератордун ротору ийгиликтүү орнотулду

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында 2025-жылдын 22-сентябрында Үч-Коргон ГЭСинде модернизациялоо иштеринин эң маанилүү этаптарынын бири аткарылды. Атап айтканда, №3-гидрогенератордун шахтасына 221,2 тонналык ротор ийгиликтүү түшүрүлүп орнотулду.
Бул — станцияны жаңылоого багытталган ири долбоордун алкагында реконструкцияланып жаткан төрт агрегаттын экинчиси. Ротор агрегаттын эң оор жана эң ири бөлүгү болуп саналат. Ал көпүрөлүү крандын жардамы менен орнотулду. Мындай операция станцияда акыркы жолу 60 жыл мурда, ГЭС курулуп жаткан учурда гана жүргүзүлгөн.
Учурда гидроагрегаттын реконструкциясынын 70% ишке ашырылды. Негизги подрядчы катары Кытайдын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы иш алып барууда.
Жумуштардын жүрүшү:
• Демонтаж — 100%
• Монтаж — 70%
• Статор чогултуу — 100%
• Ротор чогултуу — 100%
• Кошумча иштер — 100%
• SCADA системасын орнотуу — 27,4%
• Кургатуу системалары — 49,8%
• Майлоо жана техникалык иштер — 41,2%
• ВБ көтөрүүчү механизм — 24,7%
• МНГП — 12,9%
• ОРУ-110 кВ — 3,4%
Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 189 МВт. Экинчи гидроагрегаттын реконструкциясы толук аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу кошумча 9 МВтка жогорулайт. Бул аймактагы электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыздоого өбөлгө түзөт.
Агрегатты толугу менен ишке киргизүү 2025-жылдын ноябрь айына пландалууда.