Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.
Буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.
Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.
Жаңы окуу жылынын баштылышына карата сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:
Облус/шаар | Канча окуучунун үйүндѳ телевизору жок | Канча окуучунун ѳздүк уюлдук телефону жок |
Талас облусу | 0 | 6113 |
Ош облусу | 85 | 235 |
Жалал-Абад облусу | 264 | 953 |
Нарын облусу | 119 | 54 |
Баткен облусу | 238 | 2392 |
Ысык-Көл облусу | 544 | 1137 |
Чүй облусу | 1994 | 12606 |
Ош шаары | 0 | 193 |
Бишкек шаары | 350 | 7717 |
Республика боюнча | 3594 | 31400 |