УКМК: Өмүрбек Бабанов кылмыш ишине фигурант катары суракка чакырылды

УКМК: Өмүрбек Бабанов кылмыш ишине фигурант катары суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында Өмүрбек Бабанов фигурант катары өтүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу, тергөө органдары Бабановго анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакыруу кагазын тапшырышкан.

Белгиленген кылмыш иштерин УКМК тарабынан иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалым болуп турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>