7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Видео: $4 миң опузалаган айыл башчынын орун басары кармалды
12.01.2023 | 11:09
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, айыл башчынын 34 жаштагы М.Б. аттуу орун басары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомду жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң доллар талап кылган. Ал 11-январда талып кылган акчанын бир бөлүгүн – 86 миң сомду алып жаткан учурда кармалган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Тергөө жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз