УКМК: 50 миң доллар пара алып жаткан укук коргоочу кармалды

24.10.2025 | 15:36

УКМК укук коргоо системасындагы коррупцияны алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында укук коргоочу Н.Д.М.ни 50 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү параны опузалап алган учурда кармады.

Маалыматка ылайык, Н.Д.М. жабырлануучунун ишеним катын алып, ар кандай мамлекеттик органдарда анын кызыкчылыгын коргоп жүргөн. Ал ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш ишинде соттолуучулардын бирин камактан бошотуу убадасы менен ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен “келишимге барганын” айтып, 50 миң доллар талап кылган.

2025-жылдын 17-сентябрында 20 миң доллар алып жаткан учурда кармалган Н.Д.М. тергөө иштеринин жыйынтыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматынын айрым кызматкерлеринин бул опузалап талап кылуу ишине тиешеси бар же жоктугу териштирилип жатат.

Scroll to Top