УКМК 948 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылганын билдирди

УКМК 948 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылганын билдирди

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бала бакча Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан. Анын имаратынын аянты 2800 чарчы метрди түзөт, ал эми жери 1 гектардан ашат.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бала бакча мурда Электрондук эсептөөчү машиналар заводуна караштуу болгон. Бирок 1993-жылы ал мыйзам бузуу менен «Ж» компаниясына менчикке берилип кеткен. 1999-жылы компания аны Б.К. аттуу жаранга саткан. Ал эми 2009-жылы аталган жаран бала бакчаны белек берүү келишими аркылуу туугандарынын атына каттаткан.

УКМК билдиргендей, объекттин ээлери бала бакчага ээлик кылып тургандары мыйзамсыз экенин түшүнүп, өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарган.

Бала бакча менен анын жеринин баасы 948 млн сомго жетет деп болжолдонууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>