Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын билдирүүсүн чындыкка дел келбейт деп атады.
Буга чейин Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү мурдагы президентке ооруну атайлап жугузушту деп атып чыгышкан.
“Атамбаевдин үй-бүлөсү бул кайрылуусу менен мурдагы президентти саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга аракет кылып жатышат. 29-июнда Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыгына байланыштуу андан ПЦР анализ алынып, жыйынтыгы таза чыккан. Азыркы убакта Атамбаев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгындагы ооруканада дарыланууда.”, – деп жазылат билдирүүдө.
УКМКнын маалыматына караганда, акыркы жумада Атамбаев бир нече жолу жактоочусу З.Жоошев менен жолугушкан.
«Расмий маалыматтарга ылайык, З.Жоошевден вирустун айрым белгилери байкалып, COVID-19 вирусунун белгилери менен Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган”, – деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Ошондой эле билдирүүдө, УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлеринен коронавирустун белгилери табылбагандыгы айтылат.