Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
УКМК: Баасы 1 млн доллар болгон ун комбинаты жана жер мамлекетке кайтарылды
07.08.2024 | 17:09
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында баасы дээрлик 1 млн долларга бааланган жер тилкеси жана ун комбинаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Караколдун мэриясында мурда иштеген О.И. аттуу чиновник башка түзүмдүк бөлүмдөр менен сүйлөшүп алып, 2012-2013-жылдары коммерциялык максаттагы жерди арзан баага жеке менчикке берип жиберген. Ошондой эле шаардын башкы планына каршы келерине карабай 10 гектардан ашык жерди бөлүп берүү тууралуу токтом чыгарган.
УКМК бул ишти иликтөөгө алып, натыйжада мурдагы чиновник келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 1,37 гектар жерди жана Каракол шаарындагы ун комбинатын 0,5 гектар жери менен мамлекетке кайтарып берген. Бул эки объекттин баасы 1 млн долларды түзөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом