УКМК: Бийликти күч менен басып алууну көздөгөн топ кармалды

УКМК: Бийликти күч менен басып алууну көздөгөн топ кармалды

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүү катары 5 адам кармалган: К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., МАЖ жана С.А.Б. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар массалык башаламандыктарды уюштуруп, күч колдонуп бийликти басып алууну пландаган. Бул окуяларда кан төгүлүшү да мүмкүн болгон. Аталган топко кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын колдогон, диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдар кирген.

Атайын кызмат билдиргендей, шектүүлөрдүн үйлөрүн жана унааларын тинтүү учурунда жардыргыч чогултуу үчүн тетиктер, курал-жарак, рация, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийими, дрон, экстремисттик китептер жана башка тыюу салынган буюмдар табылып алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>