УКМК «Бишкек мунай компаниясынын» ээсин кармады

УКМК «Бишкек мунай компаниясынын» ээсин кармады

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмшытуу тобун каржылоого шектелип «Бишкек мунай компаниясы» май куюуучу бекеттер тармагынын ээси Н.А.М. (Ниязов Александр Маилович) кармалды. Бул тууралу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Ниязов ишкерлик жүргүзүү үчүн Көлбаевдин колдоосуна ээ болуу максатында ал менен байланыш түзүп, кылмыштуу ишин бир нече жолу каржылаган. УКМК аталган факт боюнча далилдери бар экенин билдирди.

Учурда Ниязов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>