Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Шайырбек Бопонов кармалды. Бул тууралуу «Репортерго» өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, Чүй облустук ЖКККБнын жетекчиси Шайырбек Бопонов 25-декабрда суракка чакыртылгандан кийин кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул маалымат боюнча УКМКга кайрылганыбызда басма сөз кызматы тастыктап, кийинчерээк кеңири маалымат берүүнү убада кылды.