Жогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашатЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы
УКМК: Чагымчыл маалымат жайылткандар жоопкерчиликке тартылат
24.06.2019 | 09:36
Социалдык тармак аркылуу улуттар аралык жаңжалды козутууга багытталган жана чагымчылыдык материалдарды жайылткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындай эскертүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети таратты.
“Өлкөдөгү коомдук-саясий абалга таасир этүү максатында провокациялык маалыматтар таратылып жатат. Буга байланыштуу чыгымчыл маалымат тараткандарды табуу үчүн ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Улуттар аралык кастыкты козуткан жана чагымчылдык мүнөздөгү маалыматтарды жайылткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, – деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар