Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
УКМК эки МАИчини пара алууга шектеп кармады (видео)
02.08.2024 | 18:04
Балыкчы шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган эки кызматкер туристтик сезон учурунда айдоочулардан пара алган деп шектелүүдө.
Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери Балыкчы шаардык милициясынын алдында башка инспекторлорду чогултуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелгендерин кармап кеткен.
Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.