УКМК «ЭлКат» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн кармалышы боюнча үн катты.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Башкы прокуратура өлкөдөгү ири интернет провайдер болгон «ЭлКат» компаниясындагы мамлекеттик үлүштүн жеке менчикке чыгарылышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Азыр иликтөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.
Иликтөө учурунда аныкталгандай, 1994-жылы «ЭлКат» мамлекеттик-жеке ишкана катары түзүлүп, анын 51%ы президенттин иш башкармалыгына, 49%ы «Компьютердик технологиялар борбору» ЖЧКсына таандык болгон. 1998-жылы «ЭлКаттын» негиздөөчүлөрүнүн курамы өзгөрүп, «Компьютердик технологиялар борборунун» ордуна «Айкөл-5» ЖЧКсы кирген.
«Айкөл-5» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн арасында президенттин иш башкармалыгында иштеген адамдар болгон. Алар «ЭлКаттын» 100%ын ээлеп алуу үчүн аталган компаниянын башка негиздөөлөрү менен бүтүм түзүшкөн.
2006-2007-жылдары аталган адамдар кызмат абалын жана бийлик бутактарындагы коррупциялык байланыштарын пайдаланып, соттордон мыйзамсыз чечим чыгартып, президенттин иш башкармалыгын «ЭлКаттын» негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарган жана эч кандай кенемте төлөнгөн эмес. Анын айынан мамлекетке чоң зыян келген.
УКМК учуруда мамлекетке келтирилген зыянды, алдыда таба турган канча кирешесинен кур калганын аныктоо боюнча керектүү тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Бул иш боюнча президенттин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана «Айкөл-5» компаниясынын негиздөөчүлөрү К.З. менен Ш.С. жана башка адамдар кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылды.