УКМК генерал Талантбек Исаевге кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Исаевге карата козголгон кылмыш иши «Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Талантбек Исаев 1966-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарых», 1994-жылы «укук таануу» адистиктери боюнча бүтүргөн. 1985-1987-жылдары советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.
2018-жылдын 11-октябрь күнү кайрадан ИИМинин атайлаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Милициянын генерал-майору.