УКМК Кайрат Примбердиевге кылмыш ишин козгоду

УКМК Кайрат Примбердиевге кылмыш ишин козгоду

Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМкдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Примбердиев YouTube’дагы «Айран» каналына курган маегинде улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөрдү айткан деп шектелүүдө. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (улуттар аралык касыкты козутуу) менен кылмыш иши козголуп, эч жакка кетпөө түрүндө бөгөт чарасы колдонулган.

УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Эскерте кетсек, буга чейин казакстандык «Айран» YouTube каналына кыргыз-казак алакасы тууралуу берүү чыккан. Анда казак ханы Кенесарынын өлүмү тууралуу маселе да көтөрүлгөн. Кайрат Примбердиев Кенесарынын өлүмү жөнүндө суроого Ормон хан аны өлтүрүүгө аргасыз болгонун айтып, андай окуя болгону үчүн өз атынан казак элинен кечирим сураган. Ырчынын кечирим сураганы Кыргызстанда элдин сынына кабылган.

Кенесары казактардын акыркы ханы болуп саналат. Ал 1847-жылы кыргыздардын жерине кол салып келгенде Ормон хан баштаган кыргыздар тарабынан колго түшүрүлүп, кийинчерээк башы алынган. Анын башын кыргыз манаптары Орусияга жөнөткөнү айтылат. Азыркы мезгилде анын сөөгү кайсы жакта экендиги тууралуу так маалымат жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>