УКМК Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары Кытайда чыгарылган 17 даана автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан.
Аудиттик текшерүүнүн натыйжасында автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган. Мындан улам 30-июнда Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси «С.Ш.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
«Мындан тышкары, Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген 1 млрд сомдун алкагында аткарылган иштердин актыларын талдоо учурунда жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу иш-каналардын биринин жетекчиси, мыйзамсыз түрдө интернет-блогерлерин жалдап, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен, КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык схемаларды жоюу иштерин каралоого аракет кылган»,- деп билдирди атайын кызмат.
УКМК буга байланыштуу айрым блогерлер акчалай сыйлык алуу үчүн чагымчыл аракеттерди уюштуруу жана УКМК кызматкерлерине карата шантаж жасоо аракеттерин жасашканын маалымдады.
Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде «Плаза» аткаруучу ишканасынын жетекчиси «М.М.», ошондой эле блогерлер «Ю.Н.», «Ж.Ж.», «Б.Т.» УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.