Казакстандан өлкөгө темир жол аркылуу мыйзамсыз күйүүчү май ташып келген канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
27-декабрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы мунай базасынан 4 миң 262 тонна мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалды.
Ошондой эле 28-декабрь күнү «Кайынды» станциясынан «Кайынды-темир жол» контролдук-өткөрүү пункт аркылуу «уайтспирт» түрүндө көрсөтүлүп салык төлөмдөрүнөн качкан 120 тонналык 4 цистерна-вагон кармалды.
Бул фактылар Жазык- кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш катталды.
Учурда жогорудагы фактылар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндардын суммасы эсептелүүдө.