КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
УКМК: Кулчулукка арызданган нигериялыктар мыйзамсыз миграция ишинде жабырлануучу катары өтүүдө
07.06.2025 | 14:03
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) буга чейин Бишкекте мажбурлап иштетилип, паспорттору алынганын билдирген Нигериянын үч жаранына байланыштуу кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына ылайык, чет элдиктер кылмыш ишинин алкагында жабырлануучу деп таанылган.
УКМКдан такташкандай, иш 2025-жылдын май айында «Мыйзамсыз миграция» беренеси боюнча козголгон. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Буга чейин Нигериянын үч жараны укуктары бузулганын айтып, мекенине кайтууга жардам сурап өз өлкөсүнүн бийлигине кайрылышкан.
Мекеме тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин Нигериянын жарандарына мекенине кайтуу үчүн бардык зарыл консулдук жардам көрсөтүлөрүн ишендирди.
Рубрики: Жаңылыктар