УКМК курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү

УКМК курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жылда курулуш аянтчаларында кырсыктар көбөйгөн:

— 2022-жылы бийиктиктен кулап түшүү боюнча 11 учур катталса

— 2023-жылы 73,

— 2024-жылы 172,

— 2025-жылдын алгачкы үч айында болсо 30дан ашык кырсык болгон.

УКМК курулуш тармагындагы коопсуздук талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, төмөнкү себептерди көрсөттү:

Өмүрдү жана ден-соолукту сактоо,

Экономикалык жоготууларды азайтуу,

Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу,

Юридикалык жоопкерчилик,

Экологиялык жана коомдук коопсуздук.

Бул маселелер боюнча курулуш бизнесинин өкүлдөрүнө коопсуздук шарттарын түзүү жана алардын сакталышына кылдат көңүл буруу сунушталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>