УКМК кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектеп эки чет элдикти кармады (видео)

УКМК кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектеп эки чет элдикти кармады (видео)

Бишкекте чет өлкөнүн эки жараны кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүү катары 23 жаштагы К.Б.У. жана 24 жаштагы К.Ю.С. аттуу чет элдиктер кармалган (К.Ю.С. оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн).

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган эки жаран Кыргызстанда кагаз түрүндө курулуш компанияларын ачып, аларга директор болгон. Бирок ал компаниялар иш жүшүндө иштеген эмес. Алар ошол компаниянын банктык эсептерин колдонуп, чет жакта жүргөн Кыргызстандын жарандары, чет өлкөнүн атуулдары которгон акчаны бул жактан чыгарып алып, накталай акчаны кайра чет жерге жөнөтүп турган.

Аларга 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>