Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун иши Казакстандын ири бизнесмендеринин бири Ерканат Жумабеков тарабынан каржыланганы тууралуу фактылар аныкталган.
«Ерканат Жумабеков Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында К.Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышын түзгөн.
Ал кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көлдө жайгашкан «Барс» эс алуу борборунда бир нече жолу бош убактысын жана жолугушууларын өткөргөн. Ошондой эле К.Асанбектин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.
Чогултулган материалдардын негизинде Ерканат Жумабековго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланган.