УКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледи
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Түштүк Азиянын жарандарына жасалма медициналык документтерди сатуу менен байланышкан мыйзамсыз миграция каналын аныктады. Маалымкаттар иш жүзүндө медициналык кароодон өткөрүлбөстөн эле берилип турган.
Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, бул схема Түштүк Азия чөлкөмүндө коркунучтуу Нипах вирусу жайылып жаткан учурда уюштурулган. Пакистандын жана Бангладештин жарандарына акчалай сыйлык үчүн Кыргызстанга виза алууга зарыл болгон медициналык документтер таризделгени аныкталды. Мында чет элдиктерди медициналык жактан иш жүзүндө текшерүү жүргүзүлгөн эмес.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө үч адам кармалды:
- мыйзамсыз миграция каналын уюштурууга шектелген эки чет элдик жаран;
- Улуттук госпиталдын кызматкери.
Тинтүү учурунда кирүү документтерин тариздөө үчүн даярдалган 160тан ашык медициналык маалымкат табылган.
УКМК мындай аракеттер республикадагы санитардык-эпидемиологиялык абалга олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилейт. Тийиштүү медициналык көзөмөлү жок тобокелдик аймактарынан келген чет элдик жарандардын өлкө аймагында болушу коркунучтуу жугуштуу оорулардын киришине жана жайылышына алып келиши мүмкүн.
Бул факт боюнча тергөө иштери уланууда.