УКМК пара талап кылган тендердик комиссиянын мүчөсүн кармады

УКМК пара талап кылган тендердик комиссиянын мүчөсүн кармады

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда 500 миң сом пара талап кылган фактысы боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Такталгандай,  У.Р. аттуу адам жогорудагы акча каражатын 2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субьектиден талап кылган.

Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 203-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча катталды. 

Учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
[su_image_carousel source=»media: 46925,46926,46927,46928″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>