УКМК Сооронбай Жээнбековдун тушунда иштеген чиновникти кармады

УКМК Сооронбай Жээнбековдун тушунда иштеген чиновникти кармады

Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон Алмамбет Салиев УКМК тарабынан кармалды. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Маалыматка караганда, Салиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганча 4-ноябрга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Алмамбет Салиев УКМК тарабынан биринчи жолу кармалып жаткан жок. Ал 2021-жылы июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Атайын кызмат билдиргендей, Салиев кайсы бир компаниялардын, адамдардын кызыкчылыгын колдоп, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, сот тутумунун ишине кийлигишкен. Ошондой эле анын мамлекеттик кызматта иштеп турганда тапкан кирешесинен топтогон байлыгы көп болуп чыккан. Ал ошол байлыгын курулуш компаниясына жумшаган.

Ошол эле жылы декабрда үй камагына чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>