ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Улуттук банк 2023-жылы тапкан 9,9 млрд сом кирешесин бюджетке которот
09.05.2024 | 13:50
Жогорку Кеңеш 8-майда “Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Аталган мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген. Анда Улуттук банк 2023-жылы тапкан 100% пайдасын республикалык бюджетке которуп берери каралган. Ал бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жасалууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 2023-жылы 9,9 млрд сом пайда тапканы кабарланган.