Улуттук банк эсептик ченди 9,25%га чейин жогорулатты

Улуттук банктын башкармасы эсептик ченди 25 базистик пунктка, 9,25%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 29-июлда тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Бул кадам өлкөдөгү инфляцияны көзөмөлдөө жана орто мөөнөттүү мезгилде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда инфляция орточо чекте сакталып турат. Жыл башынан бери инфляциянын көрсөткүчү 4,6%ды, жылдык мааниде 8,7%ды түздү.
Инфляция түзүмүндө баалардын эң көп өсүшү азык-түлүк товарларында байкалган. Бул сезондук жана убактылуу факторлордун, ошондой эле соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү салыштырмалуу жогору инфляциянын таасиринен улам болду. Ал эми инфляциянын азык-түлүктөн башка бөлүгүнө электр энергиясына баалардын пландуу түрдө жогорулатылышы таасир эткен.
Экономикалык активдүүлүк жогорку бойдон калууда. Реалдуу ИДӨ 2025-жылдын январь-июнь айларында 11,7 пайызга өстү. Бул көрсөткүч кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай тармактарындагы өсүш менен шартталган.
Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатын салмактуу жүргүзүүнү улантаарын жана рыноктук шарттарды эске алуу менен монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүсү мүмкүн экенин белгиледи.