Кыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталуудаКыргызстандык гимнасткалар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болуштуАбанын температурасы 22°Cге чейин жетет: 4-ноябрга карата аба ырайынан божомолуКыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койду
Ысык-Көлдө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү
31.07.2025 | 11:25
Ысык-Көл облусунда катуу жааган жамгырдан кийин айрым аймактарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, селдин кесепетинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу Кажы-Сай аймагында убактылуу жабылды.
Суу жолдогу бетон шакекчелерди жууп кеткен жана жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптаган.
Көлдүн түндүк жээк тарабындагы Тамчы айылында сел ички жолдордогу эки көпүрөнү алып кеткен. Ошондой эле эки турак үйдүн короосун суу каптады.
Кош-Көл айылында да суу ташкыны чоң зыян келтирди: көл жээгине тигилген 30 боз үй, 5 конок үй жана бир нече соода күркөлөрүн сел каптады.
Учурда жабыркаган аймактарда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар