Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн доллар сатып алды
12.07.2024 | 10:00
Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна тескери интервенция менен чыкты. Бул жолу регулятор 34,3 миллион доллар сатып алды.
Анын ичинен 17,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 16,8 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен болду.
Жөнгө салуучу валютаны 85,35-85,3 сом чегинде сатып алды.
Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери бул он биринчи тескери интервенция. Жалпысынан валюталык операциялардын алкагында Улуттук банк 299 миллион 250 миң доллар сатып алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом