Улуттук курамга легендаларынын ордуна үч дебютант чакырылды. Алар лидерлердин ордун баса алабы?

Улуттук курамга легендаларынын ордуна үч дебютант чакырылды. Алар лидерлердин ордун баса алабы?

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы июнь айында дүйнө чемпиондугунун жана Азия кубогунун тандоо турларынын алкагында Японияда үч беттеш өткөрөт.

Ал оюндарда Кыргызстан дүйнө биринчилигине түз жолдомо ала албаса дагы, жок дегенде континенттин чемпиондугуна барууга ниеттенип турган учуру.

Мындан улам, орусиялык машыктыруучу Александр Крестинин жетектеген “Ак Шумкарлардын” курамына өлкөнүн алдынкы 25 футболчусу чакыруу алды.

Бул ирет учурунда улуттук курама команданын жылдызы эсептелип, алмашкыс оюнчулар болуп жургөн Азамат Байматов, Антон Землянухин, Виталий Люкс, Виктор Майер сыяктуу дөө-шаа оюнчулар чакыруу алган жок. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Виталий Люкс менен Виктор Майер карьерасын жыйынтыктады. Азамат Байматов жаракат алган. Ал эми Антон Землянухин өткөн сезонду “Дордойдо” өткөрүп, ал жакта Крестинин менен тил табыша алган эмес. Быйыл “Алганы” лидер катары жеңиштерге сүйрөп жаткан Землянухин эмне үчүн чакыруу албаганын машыктыруучу экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам деп айтсак болот.

Ошондой эле өлкөнүн биринчи командасына буга чейин чакырылып жүргөн коргоочу Акрам Умаров (“Алай”), жарым коргоочу Азиз Сыдыков (“Дордой”) резервтеги оюнчулардын катарында калды.

Ал эми курамга кирген 25 футболчуга токтоло турган болсок, дарбазага 2019-жылы өткөн Азия чемпиондугунда жылдызы жанган Кутман Кадырбеков (“Дордой”), 2004 жылдан бери дайыма командада жүргөн Валерий Кашуба (“Дордой”), жана жаш оюнчу Эржан Токотаев (“Алга”) алгачкы ирет чакырылды.

Дал ушул Эржан Токотаевдин курамага кирүүсү 2020-жылдан бери күтүлүп келе жаткан. Себеби 21 жаштагы оюнчу өткөн сезондун ачылышы болуп, “Дордойдун” дарбазасын кайтарып, Кадырбеков менен Кашубаны алмашуу отургучунда калтырган эле. Ал “Ак Шумкарлардын” катарына кирүүдө Калысбек Акималиев менен Дастан Алыбековдон (экөө тең “Абдыш-Ата”) негизги атаандаштыкты жеңип алды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Erzhan Tokotaev (@tokotaev)

Дагы бир жагдай “Дордойдун” эки дарбазачысынын чакыруу алуусу. Эгер Европаны эмес, коңшу өлкөлөрдү эле алсак, алар атаандаштыкты күчөтүү үчүн ар башка клубдардан үч дарбазачыны чакырат. Ошол эле Акималиев менен Алыбековдун бирөөсү, Кадырбековдун же Кашубанын ордун кенен баса алмак. Кантсе да июнь айындагы оюндарда Эржан Токотаевдин улуттук курамага дебьют жасап, өзүнүн мыктылыгын көрсөтөт деген ишенич бар.

Ал эми коргоочуларга токтолсок, бул ирет Валерий Кичин (“Енисей”), Тамирлан Козубаев (“Шинник”), Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Айзар Акматов, Мустафа Юсупов, Кайрат Жыргалбек уулу, Александр Мищенко (баары “Дордой”) жана Алмазбек Маликов (“Алай”) чакыруу алды.

Бул жерде Алмазбек Маликов “Ак Шумкарлардын” катарына алгачкы ирет чакырылды. Маликов 2019-2020-жылдары “Нефтчиде” өзүн жакшы көрсөттү. Айрыкча өткөн сезондо Кочкор-Аталык команданын капитаны катары туруктуу ойноду. Алмаз оң жана борбордук коргоочу катары оюн өткөрүп келет. Бул жылы “Алайдын” капитаны катары АФК Кубогунда беттештерге чыкты. Андыктан 25 жаштагы “Нефтчи” командасынын тарбиялануучусу жай болсо да, бирок өнүгүү жолунда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Malikov A ?? (@lmz2123)

Жарым коргоочулардан алгачкы ирет чакырууну Эльдар Молдожунусов алды. Калгандары кыргыз футболунун күйөрмандарына аттын кашкасындай таанымал болгон Бахтияр Дүйшөбеков (“Шейх Рассел”), Муролим Ахмедов (“Бангладеш Полис Клаб”), Эдгар Бернхард (“Андижан”), Одилжон Абдурахманов (“Бунёдкор”), Алимардон Шүкүрөв (“Неман”), Гүлжигит Алыкулов (“Кайрат”),  Ахлидин Исраилов (“Алай”), Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Турсунали Рустамовдор (үчөө тең “Дордой”).

Соңку жылдары Эльдар Молдожунусов жеңил чуркаган жана кооз голдук топторду чыгарып берген оюнчу катары өзүн көрсөтүүдө. 26 жашар футболчу соңку эки жылда “Нефтчи” командасындагы негизги күчтөрдүн бири болду. Ал эми быйыл “Алайга” өтүп ал жакта да голдук пастарды берип, керектүү жерде голдорду киргизип, ийгиликтүү сезон өткөрүүдө.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Eldar (@eldar.moldozhunusov.fans)

Чабуулчуларга токтолсок. Быйыл Казакстандын “Кызыл-Жар” командасына өткөн Эрнист Батырканов, “Дордойдун” катарында өзүн мыкты көрсөтүп жаткан Абай Боколеев менен Кыргызстандын таланттуу оюнчуларынын бири Мирлан Мурзаев чакырылды.

Мирлан Мурзааевдин улуттук курама командада өз орду бар. Ал эми Батырканов менен Боколеев тарыхта алгачкы хет-триктин ээси болгон Виталий Люкстун ордун баса алабы? Ооба деп жооп берүү азырынча эртелик кылат, андыктан убакыт көрсөтөт деп туралы.

Эми кайрадан алгачкы ирет чакырылган Эржан Токотаев, Алмаз Маликов жана Эльдар Молдожунусовго кайрылып келсек.

Дебюттук сезонунда Эржан Токотаевдин старттык курамда чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал өткөн жылы Кадырбеков менен Кашубадан атаандаштыкты жеңип алган, быйыл да ал ийгилигин кайтоолоого эмне үчүн болбосун?

Алмаз Маликов өзөктүү оюнчулардын бири болгон Виктор Майердин ордуна чакыруу алды. Анын ордун басуу кыйынга турат себеби ал оң коргоочу катары да, жарым коргоочу катары да улуттук курамда баарынан мыкты оюн өткөрүп келген. Соңку жылдары ал тез-тезден жаракат алып, анын ордуна татыктуу эч ким чыга элек. Ошол эле учурда Кыргыз Премьер-Лигасынан улуттук курамга чакыруу алгандардын кимдир бирөөсү Маликовдон күчтүү деп айтуудан алыспыз.

Эльдар Молдожунусов Кыргызстандын тарыхында эң көп гол (12) киргизген Антон Землянухиндин ордуна келди. Землянухин жогорку техникасы жана мыкты пастары менен эсте калса, Молдожунусов жеңил чуркаганы, мыкты пастары жана кооз голдору менен эсте калат деген үмүт бар. Ошол эле учурда жарым коргоочулар арасында атаандаштык чоң. Андыктан “Алайдын” өкүлү алдынкы үч беттеште оюн талаасына чыкпай калуусу да мүмкүн.

Демек июнь айына белгиленген Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюндарын чынамсыздык менен күтөбүз. Ал эми алгачкы ирет чакыруу алган оюнчуларга даңгыр жол каалап, бул мүмкүнчүлүктү кандай колдонорууна сиздер менен бирге назар салабыз.

 

Кыргызстандын тандоо турундагы калган оюндары:

7-июнь (дүйшөмбү): Кыргызстан — Монголия;

11-июнь (жума): Мьянма — Кыргызстан;

15-июнь: (шейшемби): Япония — Кыргызстан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>